Жантөрө Сатыбалдиев: “Кумтөрдү” улутташтыруу мен үчүн абдан оңой жол болчу, бир күндө Кыргызстандын баатыры болмокмун”

“Кумөрдү” улутташтыруу мен үчүн абдан оңой жол болчу, бир күндө Кыргызстандын баатыры болот болчумун”,- деди бүгүн, 19-сентябрда “Кумтөр” долбоору боюнча коомдук угуу учурунда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев. “Экономиканы, элдин тагдырын ойлоп андай ишке барган жокмун. Бюджетке түшүп жаткан каржы булактарын жана аталган компанияда иштеп жаткан жарандарды эске алып, бул кадамга бара албадым. Эгерде улутташтырууга барсак, кандай болорун адистер жакшы билишет. Ошол себептен бул жолдон баш тарттык. Улутташтырууда республикалык бюджеттин 7 пайыз кирешесинен кол жуумакпыз. Бул сумма 5 миллиард 600 миллион сом”,- деди өкмөт башчы. 

Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан