Замира Молдошева дүйнөдөгү ири делинген кайрымдуулук уюмунун Кыргыз өлкөсүндөгү бөлүмүнүн жетекчиси болду

Белгилүү стилист, дизайнер Замира Молдошева дүйнөдөгү ири делинген кайрымдуулук уюмунун Кыргыз мамлекетиндеги бөлүмүнүн директору болуп дайындалды. Кайрымдуулук уюму "Rotary Club" деп аталып, анда социалдык жардамга муктаж болгон жарандардын жашоо-шартын жакшыртуу багытында иштер жүргүзүлөт. 1 жылдык мөөнөткө жетекчи болуп дайындалганын айткан Замира айым буларды билдирди.

"Кайрымдуулук клубунун мүчөлөрү 1 жылдык мөөнөткө жетекчи болуп дайындалып, бул аралыкта өздөрү сунуштаган долбоорду ишке ашырышы керек. Бул жылы мен дайындалдым. Менин ишим - инклюзивдүү мектептин курулуш ишин аягына чыгаруу.

Клуб көптөгөн долбоорлордун үстүндө иштейт. Мисалы бара турган жайы жок балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жатакана курду. Ал жакта балдар, кыздар 4-5 жыл жашаса болот. Мындан тышкары клуб тарабынан Чүй облусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөргө жардам берилип келет. Учурда инклюзивдүү балдар бакчасы, мектептер курулууда", - дейт ал.

"Rotary Club" - уюму 1905-жылы негизделип, 1999-жылдан тартып Бишкекте клубу ачылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alym21
2020-09-19 00:03:45
Молдошеванын кайрымдуулук иштерин эч эле укпаган экенмин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан