Интернет желесине жаш актриса Айгерим Саматованын бети-башы көк ала болгон сүрөтү жарыяланып, кызуу талкууга алынып жатат. Актриса дагы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына кыска видео жүктөп, окуя сулуулук салондорунун биринде болгонун жазган.
Бул боюнча Айгерим Саматовага байланышканыбызда, окуя тууралуу төмөндөгүлөрдү айтты.
"Сүрөт менен видео социалдык роликтин кадрлары болчу. Аялдарга карата зомбулукка каршы ролик тартып жүргөнбүз. Социалдык роликти тартып бүткөндөн кийин гримди өчүргүбүз келбей сүрөткө тартып, видеодон үзүндү чыгарып койгонбуз. Баары жакшы. Азыр келген суроолорго жооп бергенге үлгүрбөй жатам", - дейт ал.
Айгерим Саматова "Эл эмне дейт?" долбоорундагы, "Кайнене" тасмасындагы жана башка кыска тамашалуу роликтердеги образдары менен таанымал.