Жогорку Кеңеш: Депутаттар өлкөдө унду витаминдештирүү маселеси боюнча талашып-тартышууда

ЖКнын 19-сентябрдагы жыйынында депутат Дамира Ниязалиева унду байытуу маселесине байланышкан мыйзам долбоорун жактады. Депутат билдиргендей, ун тегирменде даярдалып жатканда андагы витаминдердин көбү жоголот. "Унду байытуу ыкмасы дүйнөнүн 56 өлкөсүндө иштейт, анын ичинде Орусия менен Казакстан да бар. Витаминдерди адам тамак-аш аркылуу алат. Ундагы жоголгон витаминдерди калыбына келтиришибиз керек",- деген депутат витаминдин жетишсиздигинен пайда болчу ооруларды санады. Кесиптеши Курмантай Абдиев бул мыйзам долбоорду колдобой турганын айтты: "Биз элди мажбурлап калабыз мындайда. Андан көрө сатыкка коюш керек "бул байытылган ун, бул байытылган эмес" деп. Эл өзү каалаганын тандап алсын",- деди ал. Буга мыйзам демилгечиси макул эмес, анткени элдин баары эле витаминсиз ун колдонуп жатканын биле бербейт деген ойдо депутат. "Эмне, Орусия менен Казакстан элинин ден соолугун ойлобогон өлкөбү? Ал тургай АКШда ун байытылат. Германияда сүттү байытышат. Биз да ушул кадамга барууга муктажбыз",- деди Ниязалиева.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан