Сауд Арабияда эс алуучулар үчүн кумдуу дөбөдө курорттук жай ачылды. Дүйнөлүк басылмалардын маалыматына ылайык, аталган өлкөнүн бийлиги пандемия шартында ички туризмди өнүктүрүүнү чечишкен.
Анда Эр-Рияд шаарынан 110 чакырым алыс аймакта атайын курорттук жай ачылган. Ал жакка барган эс алуучулар сноуборд тебишип, көңүл ачышат.
Сэндбординг - кум дөбөлөрүндө сноуборд тебүүчү спорттун түрү. Сэндбординг чөлдүү, кумдуу аймактарда, өлкөлөрдө кеңири жайылган.