Баткенде жаш балдар атып кеткен 5 адамдын акыркысы, Тажибай Эралиев каза болду

Баткенде жаш балдар үйүнөн атып кетишкен бир үй-бүлөдөгү 5 адамдын бири, үй ээси Тажибай Эралиев каза болду. Ал 18-сентябрь күнү кечинде Бишкектеги Улуттук госпиталда көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Анарбек Алимахунов билдирди. Маркумдун денеси экспертизалык текшерүүдөн өтүп жатат, бүгүн туугандарына өткөрүлүп берилет.

Эске салсак, 5-сентябрдын түнү Баткендин Кара-Булак айылында кылмышкерлер бир үй-бүлөдөгү 5 адамды атып кетишкен болчу. Октон үй ээси Тажибай Эралиевдин 52 жаштагы жубайы, 27 жаштагы уулу, 25 жаштагы келини жана 6 айлык небереси каза тапкан. Жаагына ок тийген Тажибай Эралиевге ооруканада операция жасалды, бирок сакайып кете алган жок. Ал эми кылмышка шектүү 2 бала кармалып, күнөөлөрүн моюнга алышкан. Кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Ankel
2013-09-19 17:19:37
kunoolorunuzdu ALLAH ozu kechirip, jatkan jaiynyz jailuu bolsun, al emi kylmyshkerlerge en jogorku jaza!!!
0
tynara81
2013-09-19 17:24:19
Иий байкуш десе, жаткан жери жайлуу болсун.
0
LEP888
2013-09-19 17:25:28
Аттин ай, оз кайнисинин колунан каза тапты, жаткан жери жайлуу болсун...
0
kristiano
2013-09-19 18:29:11
бечара жайы жаннатта болсун!!!
0
ainura220888
2013-09-19 20:39:18
ииий жаман болуптур чон уулу азаптын арасында калыптыр баарынын жаткан жерлери жайлуу болсун. аткан иттерге кудайым оз жазасын берсин.
0
valide
2013-09-19 21:49:23
жаткан жэри жайлуу болсун.
0
azamat.k
2013-09-20 06:50:48
Аиий жаман болуптур,каап чон баласына эле кыйын болду да.Жаны жаннаттан болсун,жаткан жери жайлуу болсун.Берки канкор мыкаачылар ылайым кыйноодо болуп,жакшы кун корбой калсын.Эки дуйнодо азап кыйноодо болсун.Аллахым оз жазасын берсин.
0
panda15
2013-09-20 21:27:07
жаткан жери жайлуу топурагы торку болсун омиин.
0
Nynysh
2013-09-21 11:49:38
Чон уулуна сабыр тилейм. Маркумдардын жайы жаннатта болсун. Ал эми эки мыкаачыны камап отурбай эле эл ташбаранга алып олтурушкондо жакшы болмок эле аттин.
0
sher89
2013-09-24 10:23:54
Жаткан жери жайлуу болсун
0
disko
2013-10-03 02:17:19
жаткан жерлери жайлуу болсун!!! ала таала жазаласын 2коону
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан