Швециялык жеңил атлетчи Арман Дюплантис бийиктикке секирүү боюнча дүйнөлүк рекордду жаңылады. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, спортчу буга Римдеги "Бриллиант Лигасында" 17-сентябрда жетишти. Ал 6 метр 15 сантиметрге секирип, мурдагы союздашы, украиналык белгилүү спортчу Сергей Бубканын 1994-жылы койгон рекордун жаңылады. Бубканын рекорду 6 метр 14 сантиметр болгон, тагыраагы, Дюплантистикинен 1 сантиметрге төмөн.
Ал эми аялдар арасында спорттун бул түрү боюнча дүйнөлүк рекорд орусиялык Елена Исинбаевага жана АКШда Женнифер Сурга таандык.