Атактуу жеңилбес мушкер Флойд Мейвезер блогер менен беттеш өткөрөт

Атактуу америкалык жеңилбес мушкер Флойд Мейвезер белгилүү YouTube блогери Логан Пол менен беттеш өткөрөт. Бул тууралуу блогердин жакын досу билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

"Мейвезер быйыл Логан Пол менен беттешет! Мен тамашалаган жокмун. Логан азыркы учурда беттешке кызуу даярданып жатат", - деген блогердин досу.

25 жаштагы Пол алгачкы жолу рингге 2019-жылдын ноябрында чыгып, дагы бир KSI аттуу YouTube блогерине жеңилип калган.

43 жаштагы Мейвезер карьерасын 1996-жылы баштаган. Ал акыркы беттешин 2017-жылдын август айында атактуу ирландиялык мушкер Конор Макгрегорго каршы өткөрүп, техникалык нокаут менен жеңип алган. Мейвезер жалпы карьерасында 50 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жетишкен (анын 27си нокаут менен).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
marsel__kalmurzaev
2020-09-19 10:03:33
Блогерлерда кообуп баратат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан