Кечээ, 18-сентябрда футбол боюнча Германия чемпиондугунун алкагында мюнхендик "Бавария" клубу өз үйүндө "Шальке 04" клубун кабыл алды. Быйылкы сезондо Чемпиондор Лигасын жеңип алган "Бавария" клубу күйөрмандарын дагы да болсо таң калтырууда.
Башкы машыктыруучу Ханс-Дитер Фликтин жетекчилиги астында "Бавария" клубу "Шальке 04" клубуна жоопсуз 8 гол киргизди. "Шальке 04" клубу канчалык аракет кылбасын эсеп санын ача алган жок.
"Бавария" - "Шальке 04" (8:0);
Голдор: Серж Гнабри (4, 47, 59-мүнөттөрдө), Леон Горецка (19-мүнөттө), Роберт Левандовский (31-мүнөттө), Томас Мюллер (69-мүнөттө), Лерой Сане (71-мүнөттө), Жамал Мусиала (81-мүнөттө).
"Бавария" клубу Чемпиондор Лигасынын чейрек финалында Испаниянын "Барселона" клубуна 8 гол киргизип күйөрмандарын таң калтырган.
Германиялык клуб кийинки беттешин 24-сентябрда УЕФА Суперкубогунун алкагында Испаниянын "Севилья" клубуна каршы өткөрөт.