Атактуу уэльстик футболчу Гарет Бейл Испаниянын "Реал Мадрид" клубунан Англиянын "Тоттенхэм" клубуна өттү. Бул тууралуу англиялык клуб расмий баракчасына жарыялады.
Маалыматка ылайык, Гарет Бейл лондондук клубга ижара иретинде өттү. Ижара мөөнөтү бир сезон (дагы узартылышы мүмкүн).
Бейл "Реал Мадрид" клубуна "Тоттенхэмден" 2013-жылы жайында өткөн. Трансфердин суммасы 101 миллион еврону түзгөн. Өткөн сезондо 31 жаштагы уэльстик чабуулчу Испания чемпиондугунда 16 оюнга катышып (12си негизги курамда), 2 гол киргизип, 2 жолу голдук пас чыгарып берген.
Гарет Бейл "Реал Мадрид" клубу менен жети жылда төрт жолу Чемпиондор Лигасын жеңип алган. Анын 2 финалында Бейл жеңиштик голду киргизген (2014-жылы жана 2018-жылы "Атлетико" менен "Ливерпулдун" дарбазасына).
Бул трансферден кийин "Реал Мадрид" клубунун оюнчусу Марко Асенсио клубдагы 11-номерди алгандыгын социалдык тармактагы баракчасына жазды.