Учурда “Кумтөр” долбоору боюнча биргелешкен ишкана куруу эң актуалдуу вариант экендигин бүгүн, 19-сентябрда коомдук уктуруу учурунда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. “Мен деле патриотмун. “Центерранын” 105 пайыз акциясын алууну мен деле каалап жатам, бирок бүгүнкү шарттарда бул мүмкүн эмес”,- деди өкмөт башчы. Ошондой эле Сатыбалдиев өлкөдө кендерди иштетүүдө жолтоо болбоону элден суранды. “Биз кендерди иштетип, пайда табабызбы же жокпу? Таластыктар инвесторлорду кууп жиберишти эле, жашоо жакшы болуп калдыбы? Биз бардык инвесторлорду жоготуп алуубуз мүмкүн”,- деди премьер-министр.
Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда.