Бүгүн, 21-сентябрда Кант шаарындагы стадиондордо Кыргыз Премьер-Лигасынын (КПЛ) 11-турдук оюндары болот. Коронавирус пандемиясынан улам оюндар көрүүчүлөрсүз өтөт.
Оюндардын тизмеси: "Абдыш-Ата" (Кант) - "Дордой" (Бишкек), "Борбордук" стадиону (Кант шаары);
Башкы калыс: Рысбек Шекербеков.
"Кара-Балта" (Кара-Балта) - "Нефтчи" (Кочкор-Ата), "Нитро Арена" стадиону (Кант шаары);
Башкы калыс: Медер Тайчиев.
Оюндар саат 11:00дө башталат.
"Илбирс" (Бишкек) - "Алга" (Бишкек), "Борбордук" стадиону;
Башкы калыс: Эрлан Осмонов.
"Алай" (Ош) - "Каганат" (Ош), "Нитро Арена" стадиону;
Башкы калыс: Нургазы Чолпонбаев.
Оюндар саат 16:00дө башталат.