20-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Беш-Мойнок айылында жол кырсыгы болуп, 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Саат 01:00 чамасында КамАЗ үлгүсүндөгү унаа менен Матиз үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп, натыйжада экинчи унаадагы 2 жүргүнчү көз жумган. Куткаруучулар тарабынан унаанын ичиндеги 2 адамдын сөөгү чыгарылып, райондук өлүк сактоочу жайга жеткирилген.