Белгилүү футболчу Луис Суарес "Атлетико Мадрид" клубуна өтөрү айтылууда

Испаниянын "Барселона" футболдук клубунун уругвайлык чабуулчусу Луис Суарес карьерасын ушул эле өлкөнүн "Атлетико Мадрид" командасында улантышы мүмкүн. Бул тууралуу ишенимдүү делинген "433" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Суарес "Атлетико Мадрид" клубу менен келишимдин шарттарын толугу менен макулдашып, клубдун жетекчилиги менен ар дайым байланышта болуп турууга убада берген.

Суарес "Барселона" клубунда 2014-жылдан бери ойноп келет. 2019-2020-жылкы сезондо 33 жаштагы уругвайлык чабуулчу жалпы 36 оюнга катышып, 21 гол киргизип, 10 жолу голдук пас чыгарып берген.

Ал эми Уругвай курамасында Суарес 2007-жылдан бери ойноп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан