"Жылаңач баатыр" долбоорунун катышуучусу, ырчы Назэль клипке тартылуу үчүн салмак таштады. Бул тууралуу ырчы менен байланышканыбызда белгилүү болду. Айтымында, ал Ильяз Андаш менен "Белес" дуэтин жаздырган. Азыркы тапта клип тарттыруу иштери жүрүп жатат.

"Эң биринчи ден соолугум үчүн жана клипке тартылуу үчүн арыктадым. Анткени Ильяз Андаштын жанында жашыраак көрүнөйүн дедим. Салмак таштайм деп жакшы көргөн таттуулар менен коштоштум, туура тамактанууга өттүм. Ошондой эле бийге (зумбага) жазылып машыгып жатам. Ошентип бир айда 10 килограмм салмак таштадым. Кийимдерим чоң болуп, баарын кыскартууга бердим", - дейт ал.