"Аны жеңериме ишенем". Америкалык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун алсыз жактарын 5 жыл бою изилдеп тапканын айтты

Америкалык 34 жаштагы мушкер Майкл Чандлер 5 жыл бою орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун беттештерин көрүп, анын алсыз жактарын изилдеп тапкан. Бул тууралуу мушкер өзү ESPN басылмасына билдирген.

"Мен өзүмө ишенем. Башкалар токтото албаган Нурмагомедовду мен токтото алам. Хабиб беттеш учурунда партерин ишке ашыра албай калса, ал каршылашын ыңгайсыз абалга алып келиш үчүн бутка кире баштайт. Мен мунун баарын изилдеп чыктым", - деген Чандлер.

Ошондой эле ал Хабиб Нурмагомедовдун күйөрманы экенин, бирок аны жеңерине толук ишенерин айткан.

24-октябрда өтө турчу UFC 254 турниринин алкагындагы Нурмагомедов-Гэйтжи беттешинде эки мушкердин бири турнирге катышуудан баш тартса, анда анын ордуна Майкл Чандлер катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
rysik79
2020-09-22 22:12:47
Сөздөр жөн гана.
+4
al-abu-kinesz
2020-09-22 23:09:55
Хабибди нанжалпак кылам деген баары..
+2
zhigitaly
2020-09-23 00:17:32
Кабип жөн эле отурат дейт. Ал да сенин азсыз жактарыңы карап аткандыр?
+3
middle
2020-09-23 14:20:31
Конор да Хабибдин башын тоголото коем деген беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан