Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын ишкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 20-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын ишкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу  Кыргызстандын ишкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Ишкерлердин күнү менен куттуктайм!

Өлкөбүз бүгүн өз алдынча иш уюштурууга жетишкен, демилгелүү, аракетчил адамдарды ардактайт. Эгемендик жылдары сиздер далай тоскоолдуктарды, кыйынчылыктарды баштан кечирип, өз алдыңарча ишкердикти жөнгө салдыңар. Ак эмгегиңер менен өз үй-бүлөңөрдүн жыргалчылыгын арттырып, экономикабыздын өсүшүнө өбөлгө түзүп жатасыздар.

Урматтуу Кыргызстандын ишкерлери!

Сиздер буга чейин бир топ иш жасадыңыздар, бирок алдыда жасай турган иштер али көп. Өлкөбүз бутуна туруп, экономикасы дүркүрөп өнүккөн, элдин турмуш деңгээли жогору болгон эркин, демократиялуу мамлекетке айланууга тийиш. Ошол максатта өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы кабыл алынды. Биз жеке менчикти коргоону камсыз кылып, инвесторлорго жакшы шарт түзүп, ишкердикке мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүн кыскартууга умтулуп жатабыз. Жакынкы жылдары Кыргызстан “Бизнес жүргүзүү” эл аралык рейтинги боюнча алдынкы 30 мамлекеттин катарына кошулууга тийиш. Биргелешкен күч-аракетибиз менен алдыга койгон максатыбызга сөзсүз жетебиз деп ишенем. 

Сиздерге жаратман эмгегиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем. Бардыгыңыздарга чың ден соолук, үй-бүлөдө бакыт-таалай, ишиңерге албан-албан ийгиликтерди каалайм! Кыргызстаныбыз  тынчтыкта гүлдөп өнүгө берсин!"

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан