10 жылдан бери биринчи жолу Роналду менен Месси кирбей калды. УЕФАнын "Жылдын мыкты оюнчусу" сыйлыгынын финалына өткөн футболчулар жарыяланды (тизме)

Бүгүн, 23-сентябрда УЕФА уюму "Жылдын мыкты футболчусу" наамынын финалына өткөн 3 футболчунун тизмесин жарыялады. "Жылдын мыкты футболчусу" наамына талапкер болуп "Бавария" клубунун чабуулчусу Роберт Левандовский, ушул эле клубдун дарбазачысы Мануэль Нойер жана "Манчестер Сити" клубунун жарым коргоочусу Кевин Де Брюйне кирген.

32 жаштагы Левандовский быйылкы сезондо жалпы 47 оюнга катышып, 55 гол киргизген. Ал "Бавария" клубу менен Германия Чемпиондугун, Германия Кубогун жана Чемпиондор Лигасын жеңип алган.

34 жаштагы Нойер 6 оюн катары менен дарбазасын кургак сактап калган. Ал дагы "Бавария" клубу менен Германия Чемпиондугун, Германия Кубогун жана Чемпиондор Лигасын жеңип алган.

29 жаштагы Де Брюйне өткөн сезондо Англия Чемпиондугунда 20 жолу таамай пас чыгарып берген. Мындай көрсөткүч менен ал Европадагы эң мыкты таамай пас берген оюнчу аталган. Мындан тышкары Англия Кубогун жеңип алгандыгы кошулган.

Муну менен атактуу футболчулар Криштиану Роналду жана Лионель Месси акыркы 10 жылдан бери биринчи жолу бул сыйлыктын финалына өтпөй калышты.

Бул сыйлыктын ээси 1-октябрда Швейцариянын Ньон шаарында аныкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
maratbek88.88
2020-09-23 20:28:44
Левандовски алат
+2
Elaman0693
2020-09-24 09:01:11
Экоосутен эн мыкты,
+1
mmrhtbk
2020-09-24 09:28:47
Нойер менен Дебрюнеге шанс жок менин оюмча
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан