Испаниянын "Барселона" футболдук клубунун чабуулчусу, 33 жаштагы Луис Суарес командалаштары менен коштошту. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, футболчу "Барселона" клубунун базасына бүгүн, 23-сентябрь күнү эртең менен келип, бир аз мурун клубдун базасынан чыгып кеткен. Жакынкы сааттарда футболчу клуб менен болгон келишимин бузушу керек.
Суарестин "Барселона" клубунун базасынан чыгып бара жаткан видеосу социалдык тармактарга тарады. Анда ал руллда бара жатып көзүнүн жашын сүрткөн.
Суарес "Барселона" клубунда 2014-жылдан бери ойноп келет. 2019-2020-жылкы сезондо 33 жаштагы уругвайлык чабуулчу жалпы 36 оюнга катышып, 21 гол киргизип, 10 жолу голдук пас чыгарып берген.