Америка жаңы иштеп чыккан ажаткананы эл аралык космостук станцияга октябрда алып чыгууну пландоодо

Америка жаңы иштеп чыккан алгачкы ажаткананы эл аралык космостук станцияга октябрь айында алып чыгууну пландоодо. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, НАСА компаниясынын билдиришинче, "UWMS" (Universal Waste Management System) ажатканасын ыңгайлуу жана оңой колдоно турган кылып иштеп чыккан. Буга чейин астронавттар колдонуп жаткан Орусиянын ажатканасынан мыкты болору да белгиленет.

"Жаңы ажаткана учурда колдонулуп жаткан ажатканадан 65 пайызга тыкан жана 40 пайызга жеңил болот. Жаңы ажаткананы космоско 3-октябрда америкалык жүк ташуучу "Cygnus" кемеси алып чыгат", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта Эл аралык космостук станцияда Орусияда чыгарылган эки ажаткана пайдаланылат.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан