Белгилүү модель Жижи Хадид менен ырчы Зейн Малик кыздуу болгонун жар салышты

Америкалык белгилүү модель Жижи Хадид менен ырчы Зейн Малик ата-эне болгонун жар салышты. Бул тууралуу түгөйлөр социалдык тармактагы баракчаларына наристесинин сүрөтүн жүктөп, сезимдери менен бөлүшкөн.

"Биздин наристебиз жаныбызда, дени сак, татынакай. Азыркы сезимдеримди сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Бул кичинекейге болгон сүйүүм менин түшүнүгүмдөн да жогору. Бул кызды тааныганыма, менин кызым деп атап жатканыма ыраазымын", - деп жазган ата макамын алган ырчы.

Ал эми Жижи Хадид өткөн аптанын дем алыш күндөрү көз жарганын айтып, "кызыбыз биздин дүйнөбүздү өзгөрттү" деген.

Буга чейин түгөйлөр ата-эне болорун ачыкташып, уул же кыз күтүп жаткандыктарын билбей тургандыгын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira...
2020-09-24 15:50:46
Э олгуло уяты жок, жок дегенде ичин жаап тушпойбу суротко.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан