Канттын "Абдыш-Ата" футболдук клубунун армениялык чабуулчусу Орбели Амбарцумян клуб менен коштошту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына клубдун басма сөз кызматкери Нурсултан Кыдыгалиев билдирди.
"Амбарцумян клубга февраль айында келип кошулган. Ал клуб менен коштошуп, бүгүн түнү өз өлкөсүнө учуп кетет. Анын алдыдагы карьерасына ийгиликтерди каалайбыз", - деп билдирди басма сөз кызматкери.
Өз кезегинде армениялык футболчу дагы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу ыраазычылык билдирди.
"Кант шаары жана Абдыш-Ата клубу менен коштошууга убакыт келди. Мен кайра кайтып келем деген үмүт менен кетип жатам. 9 ай аралыгында бизде кубанычтуу дагы, кайгылуу дагы көз ирмемдер болду. Эми менин өлкөмдө Абдыш-Ата клубу жөнүндө билишет. Алга, Абдыш-Ата, рахмат!", - деп жазган Амбарцумян.
24 жаштагы Орбели Амбарцумян канттык клуб үчүн 2 гол жаратып, 1 жолу голдук пас чыгарып берген.