Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 3-кабаттан бир айым боюн таштап жебирди. Окуя 20-сентябь күнү саат 06:00 чамасында болду. Айым 16-сентябрь күнү төрөгөн экен. ИИМдин билдиришинче, ал Ысык-Көл облусунун 1981-жылы туулган тургуну. Күйөөсү дары алып келүү үчүн сыртка чыгып кеткен учурда 3-кабаттан секирип кеткен. Азырынча айымдын эмне себептен бул ишке барганы белгисиз, оорукананын жандандыруучу бөлүмүндө жатат.