Бүгүн, 25-сентябрга карата доллардын улуттук валютага карата орточо курсу 79 сом 35 тыйынды түздү.
Коммерциялык банктарда долларды сатып алуу 79 сом 20 тыйындан 79 сом 40 тыйынга чейин болсо, долларды сатуу 79 сом 60 тыйындан 79 сом 70 тыйынга чейинки бааны түздү.
Акча алмаштыруу жайларында доллар 79 сом 63 тыйынга чейин.
Ал эми Улуттук банктын расмий сайтында АКШ долларынын курсу 79 сом 35 тыйын деп көрсөтүлгөн.
Сентябрь айынын башынан бери доллардын акча алмаштыруу жайларындагы баасы 1 жарым сомго кымбаттаган. Акыркы 2-3 күндөн бери доллар баасынын көтөрүлүп жатканы байкалууда. Буга байланыштуу Улуттук банк валюта рыногунда 11 миллион 200 миң доллар сатып интервенция жүргүзгөнү маалым.