Сооронбай Жээнбеков Венгрия өлкөсүнө эмне иш сапары менен бара жатканын айтып берди

Суроо: "Эмки жумада Венгрияга расмий визит менен баратасыз. Бул иш сапарыңыздан өлкө үчүн кандай жыйынтыктар болот. Бүгүнкү күндөгү эки өлкөнүн мамилелерин кандай баалайсыз?"

— Биздин өлкөлөрдүн тарыхый тамырлары бир. Мамилелер эки мамлекеттин кызыкчылыктарын эске алуу менен азыркы мезгилде өнүгүүдө. Билесиздер, 2018-жылы Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан расмий иш сапары менен бизге келген. Анда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитине, андан кийин үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышкан. Кыргыз-венгер мамилелери мына азыр жаңы деңгээлге чыгып жатат. Орбан мырзанын иш сапарынан кийин 2019-жылы сентябрда Бишкекте соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи жыйыны болуп өттү.

Венгриянын жогорку окуу жайларында кыргыз студенттеринин квота орундары 25 орундан 75 орунга чейин ошол мезгилде көбөйтүлгөн. Эми расмий иш сапардын алкагында квотаны 150 орунга чейин көбөйтүү азыр каралууда. Бишкекте Венгриянын элчилиги ачылды. Эми Венгрия премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусунда ал жакка расмий визит менен барууга ниеттенип жатам. Негизи бул чакыруу боюнча жазында бармакпыз. Бирок коронавирус пандемиясынан улам жылып, сентябрдын этигине туура келди. Менин алдыдагы иш сапарымдын жыйынтыгы жемиштүү болот деп ишенем. Буюрса, кызматташуу тууралуу дагы бир топ документтерге ал жерде кол коёбуз. Алардын катарында эң негизгиси - бул стратегиялык кызматташтык жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюлат.

Саламаттыкты сактоо, өзгөчө кырдаалды алдын алуу, соода-экономикалык кызматташуу, суу ресурстарын башкаруу жана башка эки тарапка тең кызыкчылык жараткан тармактар боюнча келишимдерге дагы кол коёбуз. Венгрия - Стратегиялык кызматташтык жөнүндө биргелешкен декларация кабыл алына турган Европанын биринчи өлкөсү болорун баса белгилеп кетем. Буга чейин бир дагы Европа өлкөлөрү менен мындай келишимге кол коюлган эмес. Эми бул кадам өз ара мамилелерди жаңы стратегиялык деңгээлге көтөрөт деп терең ишенем.

Кыргыз-венгер өнүгүү фондусун түзүү боюнча ниетибиз бар. Ал фондго жүгүртүүчү капитал катары Венгрия "Эксимбанкы" буюрса, 50 миллион евро бөлгөнү турат. Бул фонддун катышуусу менен биргелешкен ишканаларды түзөбүз. Аталган фонд кичи жана орто бизнеске төмөн пайыздык насыялар менен жардам көрсөтө баштайт. Бул дагы абдан жакшы жетишкендик болот. Бул эми Кыргыз-Орус өнүгүү фондундай эле келечекте ошондой фондго айлантканга аракет кылып жатабыз. Мындан тышкары бүгүнкү күндө, Венгрия тарап квотанын санын 75тен 150 орунга чейин дагы бир жолу көбөйтүүгө даяр. Буюрса, 2021-жылдан баштап 150 студентибиз Венгриянын жогорку окуу жайларына окууга барып, ошол жерден билим алганга жакшы шарт түзүлөт. 2019-жылдын сентябрында Будапешт шаарында Түрк кеңешинин европалык кеңсеси ачылып, кеңештин мүчөлөрүнүн өкүлчүлүгүн, алардын ичинде Кыргызстандын өкүлчүлүгүн каржы жагынан камсыздоону өздөрүнө алышты.

Мен расмий визитимдин алкагында Түрк кеңешинин Будапешттеги өкүлчүлүгүнө барам. Мындан тышкары сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн катышуусу менен бизнес-форум өткөрүү пландаштырылууда. Биздин ишкерлерибиздин Венгриянын рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн талкуулайбыз. Бул боюнча дагы сүйлөшүүлөр болот. Андан тышкары жакшы иш-чара болот. Бул Будапешт шаарынын скверине биздин улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун ысымын берүү иш-чарасы.

Иш сапарым соода-экономикалык гана эмес, маданий тармакты да камтыйт. Сапар натыйжалуу болот деп ишенем. Буюрса, бир топ документтерге кол коюлат. Бул барган иш сапар кыргыз-венгер кызматташтыгыбызды жакшы деңгээлге көтөрөт, байланышыбызды күчөтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Akyl78.1501
2020-09-27 01:01:52
Пышырып коюптурбу Венгрияда ха ха ха
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан