Мамлекет башчысы баса белгилегендей, партиялык системасы өнүгүп, парламенттик демократия жолуна көп жылдар мурун түшкөн өлкөлөрдө бийликчил партия деп ачык айтышып, ачык күрөшүшөт. Бийликке болгон күрөштө жеңип келүүгө болгон аракетин жумшап, өлкө өнүгүүсү үчүн мына биз алабыз деп жоопкерчиликти алышат.
«Албетте, буга жылдар керек, көп эмгек керек. Ал эми азыркы кырдаалдан алып караганда, ар бир партияда мамлекетчил позициясы күчтүү уул-кыздарыбыз бар, жок эмес. Парламенттин табияты ошондой. Сындашат, айрымдары популисттикке алдырышат. Бирок мамлекет үчүн, эл үчүн маанилүү маселе жаралганда турмуш көрсөткөндөй бардыгы эле өздөрүнүн мамлекетчил позициясын көрсөтүшөт. Биригип башташат», — деди Сооронбай Жээнбеков. Ал келе турган парламент деле ошондой болоруна үмүттөнөрүн билдирди.
«Анткени баары эле өзүбүздүн уул-кыздарыбыз да. Талаша турган эч нерсе жок. Мамлекетчил депутаттарыбыз көп болот деген менин терең ишеничим бар. Мен "тигил, бул" деп партияларды атаганым туура эмес болуп калат, ачык үгүттөө болуп калат, аны билесиз. Бирок парламентке 5-6 партиянын келишин каалайм деп айтат элем. Эмне үчүн дегенде бул өлкө үчүн, туруктуулук үчүн керек», — деп белгиледи президент.
Мамлекет башчысы кошумчалагандай, ошол үчүн 9 пайыз эмес, 7 пайыздык босогону колдогондугунун негизги себеби дал ушул болгон — парламентке канчалык көп партия келе алса, бул өлкө үчүн утуш болот.