Өлкөбүздө тышкы миграция күч алган кезде дүйнөнүн ар кайсы бурчунда эмгектенип жүргөн мекендештерибизди кезиктирүүгө болот. Алар тапкан каражаты менен жеке үй-бүлөсүнүн гана эмес, өлкөнүн да экономикалык абалын алдыга сүйрөп келишүүдө. Чет өлкөдө жүргөн мекендештерибиз окуп, иштеп, бир топ ийгиликтерди жаратып, чет өлкөлүктөрдүн да мактоо-алкышына ээ болушууда. Алардын бири Түркияда айкелчилик өнөрү менен эмгектенип жаткан Эдил Рахманалы уулу SUPER.KG порталы менен маек курду.
- Саламатсызбы, Эдил? Ден соолук, иштериңиз жакшыбы?
- Саламатчылык. Бардыгы жакшы, Кудайга шүгүр, иштеп жатабыз.
- Түркияда эмгектенип жатканыңызга канча убакыт болду. Ал жакка кандай себептер менен барып калдыңыз?
- Менин Түркияга келгениме, буюрса, быйыл үчүнчү жыл болду. 2018-жылы Тургунбай Садыков атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт академиясын бүтүрүп, диплом аларым менен эле кыргыз скульптору, жаш кадр, азыркы биздин жетекчибиз Токтаалы Мырзакаримовдун чакыруусу менен Түркияга келгем. Учурда Анкара шаарында скульпторлук кесибимди өркүндөтүү максатында иштеп жатам.
- Айтсаңыз, айкелчилик бала чактагы кыялыңызбы? Айтор, көпчүлүк ышкыбоз боло бербеген өнөргө кандайча келип калдыңыз?
- Жакшы суроо экен. Мунун себебин айтып берейин. Бала чактан аскер болгум келчү. Бул кесипке күтүүсүздөн келип калгам. Эжемдин уулу Жалал-Абад шаарына окууга тапшырганы кеткен. Бир күнү ал мени "аскердик окууга окуйсузбу" деп чакырып калды. Сүйүнүп барсам мен ойлогон окуу жай эмес, "көркөм сүрөт" окуу жайы экен. Анан көпкө ойлонуп, эки жагын байкап, салыштырып, бир аз кызыгуу пайда болуп калып калгам. 3 жыл окуп бүтүп, борбор шаарда 4 жыл колледжде, 5 жыл улуттук көркөм сүрөт академиясын бүтүрдүм.
- Билимди окуп, искусствону жасап үйрөнөт дегендей скульптура жөнүндө кеп кылсак.
- Архитектура, живопись дегендей скульптура да искусствонун бир түрү. Ал көлөмдүү формага ээ болгон материалдардан кесип, оңдоп, калыпка салуу ыкмасы менен айкел жаратуу дегенди түшүндүрөт. Айкелди чоподон, момдон, таштан, металлдан, жыгачтан, сөөктөн жана башка материалдардан адамдын, жаныбарлардын жана башка жаратылыш объектилеринин дене формасын жаратат. Бир айкелди жаратуунун бир топ этаптары бар. Эң биринчи сүрөттөн каралат. Кичинекей 4-5 эскистен башталат, анын үстүнөн иштеп, бирөөсү тандап алынат. Аны чоңойтуп, каркас жасалат, узундугуна карап лепка жасалат. Анан ал формага салынат. Айкелге мүнөз берилет. Анын үстүнөн дагы бир топ жумуштар жасалат. Эң негизгиси айкел жаратуу берилгендикти, сабырдуулукту, илхомду талап кылат. Жалкоолукту жактырбайт. Эгер бир аз эле маанайың бузулса, жасап жаткан ишиң да бузулат. Канчалык берилүү менен аткарганда гана жакшы айкел жаралат.
- Абдан кызыктуу экен. Эми айтсаңыз, искусствого аралашкандан баштап канча айкел жараттыңыз. Бир айкелдин баасы канча? Сыр болбосо маянаңыз кандай төлөнөт?
- Негизи көп эле айкел жараттым. Эң биринчи дипломдук ишимде аскердин айкелин жасагам. Түркияга келгенден бери 7 атчан айкел жасап, азыр сегизинчинин үстүндө иштеп жатам. Мен бул жакта жалгыз иштебейм, команда менен биргеликте чоң көлөмдөгү айкелдерди жараттык. Мисалы, Отеллонун, Афинанын, Кытай согушундагы атчан аскерлердин айкелдерин айтсам болот. Айкелдин көлөмүнө жараша акча төлөнөт. 3 метрден 8 метрге чейин болот. Биз негизинен 3-4 метрлик айкелдерди жараттык. Бир айкелди жаратууда 2 же 3 ай убакыт кетет. Баасы бул жакта түрк лирасы менен эсептелет. Маянам сыр болсун. Иштеп тапкан акчам керектөөлөрүмө жарап жатат.
- "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" дегендей, башка дагы эмнелер менен алектенесиз?
- Скульптура сүйүктүү кесибим болгондуктан, бул жаатта жан дүйнөм менен берилип иштейм. Мындан башка гитара менен классикалык музыкаларды ойнойм. Анан дагы мергенчиликти абдан жакшы көрөм. Буюрса, ушул жааттагы спорттун бир түрү менен алектенүүнү пландап жатам.
- Эл ичинде айтылган сөз бар го "сүрөт тартып, айкел жасоо - күнөө" деп. Сиз буга кандай карайсыз?
- Ооба, негизи күнөө деп айтышат. Бирок бул дагы Кудайдын берген таланты деп ойлойм. Эң негизгиси ак эмгек, маңдай тер менен ырыскы таап жатканым туура деп ойлойм.
- Түркия тууралуу айтып берсеңиз. Ал жакта жашоо кандай экен? Жумуштан тышкары эмнелер менен алектенесиз?
- Түркия ачыгын айтканда, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет. Туристтер көп келет, шаарлары абдан кооз, менчик өнөр жайлары, компаниялары өнүккөн. Таттуулары менен таанымал десем да болот. Жумуштан тышкары үй-бүлөм менен, кээде кесиптештерим менен башка шаарларды кыдырып эс алып келебиз. Кээде маанай жок болсо, айкел жасоого илхом келбеген учурларда, анда ишке кол урбай, сейилдеп келем.
- Мекенге келүү планыңыз барбы? Скульптураны аркалаган жаштарга кандай кеңештериңизди айтар элеңиз?
- Буюрса, жаңы жылга чейинки жумушубуз калды. Эски түрк тарыхый музейинин айкелин жасап жатабыз. Ушул ишибиз бүтүп калса, буюрса, ноябрдын аягында Кыргыз өлкөсүнө барып калам.
- Маегиңизге чоң рахмат! Ишиңизде ийгиликтер коштолсун. Өз жериңизге аман-эсен келип алыңыз.