Ош. Өзгөн районунун Алга айылында жаңы бала бакча курулууда

Өзгөн районунун Алга айылында “Айдай” аттуу жаңы бала бакча ишке берилүү алдында турат. Бала бакча 50 балага ылайыкталып, 1-октябрдан пайдаланууга берилет. Балдар бакчасын айыл жашоочусу Гүлпери Токтомуратова өз эсебинен ачып жатканын кабарлады. Бул ишке көмөктөшүп, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү жардам катары 50 000 сом бөлүп бергенин кошумчалады ал. “Учурда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат, төшөктөрдү буюртма берип тиктирип жатабыз. Балдарын бакчага берем деген ата-энелер учурда кезекте турушат”,- дейт Гүлпери Токтомуратова.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан