"Кызыбыз ай-күнүнө жетпей төрөлдү" дейт үчүнчү ирет ата болгон ырчы Самат Муратбеков

"Жебе" тобунун мурунку солисти, ырчы Самат Муратбеков үчүнчү ирет кыздуу болду. Кызыбыз ай-күнүнө жетпей төрөлдү деген ырчы буларга токтолду.

"Үй-бүлөбүз чоңоюп жатат деп көп орундуу унаа алгам. Машинаны алып келгенден кийин жубайымдын толгоосу келип, 27-сентябрга караган түнү борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарды. Кызыбыз ай-күнүнө жетпей төрөлүп, вакуумда жатат. Учурда эне, баланын абалы жакшы.

Тун кызыма чоң апасы, экинчи кызыма эжеси ысым койгон. Үчүнчү кызыбызга келинчегим Руслана деген ысым ыйгарды", - дейт ал.

Самат Муратбеков 2015-жылы үйлөнүп, 2016-жылы 13-июлда Жанэль аттуу кыздуу болгон. 2018-жылы экинчи кызы Ая төрөлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dikowka93
2020-09-28 14:45:32
Кудайым омур берсин эртереек колунузга алып алыныз...наристелердин эрте торолушунода болочок энелер озубуз куноолубузда...
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан