Күздүн биринчи айы соңуна чыгып бара жатат. Сыртта кышка камылга көрүү иштери кызуу жүрүп жаткан кез.
Мындай учурда бейкуттукту, жымжырттыкты тартуулаган жаратылыштын сүрөттөрү бир саамга болсо да эс алдырып, чарчоону унуттурат. Көңүлгө тынчтык тартуулаган сүрөттөрдү фотограф Ногай Владиславдын эмгектеринен кезиктирүүгө болот.
Сүрөтчү бул ирет Бишкектеги Ала-Арча эс алуу багынын кадрга көп илинбеген жерлерин камерага түшүргөн.