
Өлкөбүздөгү окуучулар математика боюнча эл аралык олимпиадада 1 коло медаль жана 2 алкыш баракчага ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
21-22-сентябрь күндөрү Бишкек шаарындагы мектептердин биринде аралыктан видео көзөмөлдөө менен онлайн режимде жогорку класстын окуучулары арасында математика боюнча эл аралык олимпиада өткөрүлдү.
Кезектеги 61-эл аралык математикалык олимпиадада Кыргыз өлкөсүнөн Эрдан Апиев коло медалга ээ болсо, Адильбек Абдирасулов жана Эрбол Эсенгулов мактоо баракчаларына ээ болушту.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу, олимпиада аралыктан өткөрүлүп, ар бир катышуучу берилген тапшырмаларды өз өлкөсүндө онлайн түрдө аткаруу шарты коюлган. Олимпиадага 100дөн ашуун өлкө катышты.
"Бул жылы Кыргыз өлкөсүнүн рейтинги 15 баскычка көтөрүлүп, окуучулар мурунку жылга салыштырмалуу 2 эсе көп упай чогултушту. Улуттук курама машыктыруулар Мамат Ишматов (№ 61 – автордук физика-математика мектеп-лицейинин машыктыруучусу), Мурат Абдувалиев (Unite education негиздөөчүлөрүнүн бири, 2000-жылы коло медалдын ээси) жана Мохаммед-Алинин (Принстон университетинин студенти, 2016-2017-жылдары эл аралык олимпиаданын 2 алтын медалынын ээси) жетекчилиги астында даярдыктан өтүшкөн. Альтернативдик негизде көрүлгөн даярдык өз натыйжасын берди", - деп жазылат маалыматта.