Бишкек шаарынын мэриясына 3 миллион сом кайтарылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Анда жер жана транспорттук саясат боюнча вице-мэри Азиз Алымкуловдун тапшырмасына ылайык, борбор шаардын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы (ЖРБ) муниципалдык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн дебитордук карыздарды өндүрүү жана шаардын балансына кайтаруу иштерин улантып жатканы маалымдалат.
"Борбор шаарыбыздын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы М.Т. Акматбаев аттуу жарандан үч миллион сомго жакын карызын өндүрүп алды. 2014-жылы М.Т. Акматбаев менен аталган башкармалыктын ортосунда ижара келишими түзүлүп, ага ылайык, Жал кичи районундагы Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан аянты 0,0335 гектар жер участогу 5 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген. Бирок ижарачы 591 миң 319 сом өлчөмүндө карыз болгон. 2016-жылы ушул эле жаранга Ахунбаев көчөсүнөн аянты 2 миң 270 чарчы метр жер участогу көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана кеңейтүү үчүн 5 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген.
Бул участокто ижарачынын 2 миллион 359 миң 836 сом өлчөмүндөгү карызы топтолгон. Жер ресурстар башкармалыгы тарабынан көптөгөн эскертүүлөргө карабастан, ижарачы келишимдердин шарттарын бузууну улантып, муниципалдык мүлктү пайдалангандыгы үчүн акы төлөбөй келген.
"Ленин райондук сотуна М.Т. Акматбаевден ижара акысын өндүрүп алуу боюнча доо арыз менен кайрылганбыз. Бактыга жараша, эки доо арыз толугу менен сот тарабынан канааттандырылып, шаардык бюджетке 2 миллион 951 миң 155, 97 сом кайтарылган", - деп жазылат маалыматта.