26-сентябрь күнү Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринде өрт чыгып 2-кабаттагы бир батир толугу менен күйүп кеткен. Батирди 2 жылдан бери ижарага алып жашап келген медик Марат Сапаралиев учурда жардамга муктаж болуп турган чагы.
Марат Сапаралиев 1986-жылы Талас облусунун Манас районуна караштуу Бала-Саруу айылында туулган. Ал жактан мектепти аяктап, Ислам университетине тапшырып, "араб тил, шарият" факультетин аяктаган. Кийин массаж боюнча билим алган. Учурда медициналык борбордун биринде медицина кызматкери болуп эмгектенет.
Анын айтымында, учурда үй-бүлөсү менен аталаш эжесинин үйүндө жашап жатат, алар дагы батирде турушат.
"Өрт чыккан күнү келинчегим экөөбүз тең жумушта болчубуз. 3 баламды кайним карап калган. Анан кайним нан алып келүү үчүн дүкөнгө чыгып кеткен аралыкта өрт чыгыптыр. Аны кошуналар байкап калып, балдарды үйдөн алып чыгып, өрт өчүрүү кызматын чакырышыптыр. Мен Шлагбаумдагы медициналык борборлордун биринде иштейм, жумушта отурсам үй комитети үйүңдө өрт болуп жатат деп чалды. Такси чакырып үйгө жеткиче балдарым аман-эсен болсо экен деп тиленип бардым. Жетсем, үйдүн алдына эл топтолуп калыптыр милиция, өрт өчүрүүчүлөр жүрөт, жүрөгүм түшүп коркуп кеттим. Жетип эле балдарым аманбы деп сурадым, эл "ооба, баары жакшы" деп айтканда анан өзүмө келдим. Балдарым болсо азыркы учурда жакшы. Кызым коркуп калыптыр, чочуп ойгонуп, ыйлап жатат. Балам Муса 8 жашта, Жасмин болсо 5 жашта, ал эми Муслим 3 жарым жашка чыкты".
Марат Сапаралиев пандемияга байланыштуу өлкөдө абал курчуп турган учурда кызыл зонада иштеп, бош убактысында ыктыярдуу медик катары үйлөргө барып ийне сайып, тамчылатма дары коюп иштеген. Карантин мезгилинде башкалар сыяктуу эле алар дагы каражаттан кыйналып, келинчеги жумушка чыгууга аргасыз болгон.
"Мен өзүм болсо массажист, медик болуп эмгектенем. Ал эми коронавируска байланыштуу өлкөдө абал курчуп турганда мед кызматкери болуп кызыл зонада иштедим. Колдон келишинче элге жардам берип калуу максатында бош күндөрү үйлөргө барып ийне сайып, тамчылатма дары куюп ыктыярдуу дагы медик болуп жаттык. Карантин убагында каражат жактан көпчүлүгүбүз эле кыйналдык да, батир дагы төлөө керек болуп ошондон улам келинчегим тигүү цехтеринин бирине жумушка чыккан эле.
Өрттөнүп кеткен батирде 2 жылдан ашык убакыт бою айына 14 миң сом төлөп жашачумун. Учурда батирди анан дагы жабыр тарткан кошуналардын күйүп кеткен терезе жана башка буюмдарын жазап берүүдө кыйналып турабыз. Азыр болсо аталаш эжемдикинде жашап жатабыз, алар дагы батирде турат" - деп билдирди ал.
Марат Сапаралиевге жардам колун сунууга даяр кайрымдуу инсандар үчүн:
Элсом: 0700 60 65 97.