Милиция кызматкерлери тарабынан Сокулук районунда адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды

Сокулук районунда милиция кызматкерлери тарабынан август айында катталган адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентярбь күнү Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 14-август күнү болжол менен 20:00дөр чамасында жергиликтүү Маданият үйүнүн жанынан денесинде зордук-зомбулук белгилери бар 35-40 жаштагы аялдын сөөгү табылган. Бул факт боюнча Сокулук РИИБи тарабынан 104-берененин 4-бөлүгү боюнча (денеге атайын зыян келтирүүнүн натыйжасында жабырлануучунун каза табуусу) кылмыш иши козголгон. Сокулук РИИБи тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмышка шектелип 1973-жылы туулган К.Б. аттуу жаран кармалды. Маалыматтар боюнча, кылмыш болгон учурда мас абалында болгон К.Б. менен каза тапкан аялдын ортосунда чыр чыккан. Чыр учурунда К.Б. аялды сабап салган, натыйжада алган жаракаттан улам аял каза тапкан. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.   

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан