Кинорежиссёр, актёр Тынчтык Абылкасымовдун "Чек арада" тасмасы Орусияда өткөн "АРТкино" фестивалында байгелүү орунга илинди. Тагыраагы, аталган тасма "20 мүнөткө чейинки эң кыска метраждуу мыкты тасма" наамын жеңип алды.
Кинофестиваль Москва шаарында өтүп, ага 15 фильм катышкан.
Буга чейин аталган тасма эл аралык "Link" (Link International Film Festival) кинофестивалында жеңүүчү болгон.
Тасмада коңшу эки өлкөнүн чек арачыларынын туткунуна түшүп калган карыянын жашоосу чагылдырылат. Фильм 2019-жылы тартылган.