Аравандын тамшандырган анары (видеорепортаж)

Жайды жайлай бакчага кооздук тартуулап турган анар бадалы кеч күздө адамга өзүнүн “сонун жемиш” аталган түшүмүн берет. Мындай аталыш ага жөн жерден ыйгарылган эмес, анткени ал “сонун жемиш” дегенге татыктуу, пайдалуу сапаттарга ээ. Мындай пайдалуу сонун жемишти ак эмгектен даңкы ааламга тараган, баатыр Араван эли көп өстүрөт.

Анардын мекени катары тарыхта Түндүк Африка менен Орто Азия айтылып жүрөт. Аны өтө көп өстүргөн өлкөлөргө Иран жана Грузия кирет. Ал өлкөлөрдөн кем калышпаган Аравандын климаты жылуу мээлүүн болгондуктан анда дээрлик ар бир жашоочунун короосунан анар өсүмдүгүн кезиктирүүгө болот.

Биз Ош облусунун Араван районуна караштуу Жаңы Араван айылында 2 жарым гектар жерге анар өстүргөн Куламидин Мариповду кепке тарттык. Ал анар өстүрүүнүн жыргалы менен түйшүгүн айтып берди.

Анар өстүрүү өзүнчө ырахат экенин айткан багбан түшүм алуу көп убакытты талап кылбайт деген менен, ал биринчи жылы мөмө алганда аз түшүм берип, убакыт өткөн сайын андан түшүм алуу улам көбөйө бере турганын айтты.

"Анарды өстүрүү жана кароо мага ырахат тартуулайт, алар мага баламдай эле болуп калды. 2 жарым гектар жерден 10 тоннадан ашык түшүм жыйнап алууга болот. Былтыркыга салыштырмалуу быйыл түшүм жакшы болду", - дейт багбан.

Эскерте кетүүчү жагдай, нормалдуу анардын кабыгы купкургак, ал эми ичи ширелүү болот. Ал үчүн сырткы кабыгы жылмакай эмес, тескерисинче бир аз бүдүрлүүсүн сатып алсаңыз, жаңылбаган болосуз. Ал эми кабыгы жылмакай жана жагымдуу анар убагынан эрте үзүлгөн болуп саналат. Кабыгынан сырткары жемиштин нормалдуу экенин анын гүлдөгөн жеринен билүү керек. Тактап айтканда, гүлдөгөн жери жашыл тартып турган анар эскирип калган. Ошол эле маалда эскирбеген анар катуу болушу зарыл.

“Анар өстүрүү ракат, алар мага баламдай эле” дейт багбан
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан