Бишкекте 19-сентябрдан 20-сентябрга караган түнү Ахунбаев-Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде Ауди-100 автоунаасы менен Субару Легаси үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп кеткен. Жол кырсыгынын натыйжасында Ауди-100 автоунаасынын 32 жаштагы айдоочусу каза тапкан. Ал эми Субару Легаси автоунаасындагы 5 киши түрдүү жаракаттар менен 4-шаардык ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу КРнын ИИМи билдирет. Учурда жол кырсыгы кандай болгону иликтенүүдө.