Хабиб Нурмагомедов эң кымбат спортчулардын тизмесинен орун алды

UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов дүйнөдөгү эң баалуу спортчулардын тизмесинде жетинчи орунду ээледи. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, спортчулардын ийгилиги, эл оозуна алынганы, резонанстуу окуялары жана тапкан кирешеси сыяктуу критерийлер менен бааланган. Нурмагомедов карьерасында 28 беттешке чыгып, баарын жеңген жетишкендиги менен бул тизмеде жалгыз орусиялык өкүл болуп калды.

Ал эми рейтинг боюнча тизменин сап башына 115 упай менен "Барселона" футбол клубунун аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси чыкты. Экинчи орунду 113 упай менен "Ювентус" клубунун португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналду ээледи. Ошондой эле "Лос-Анжелес Лейкерс" баскетбол командасынын оюнчусу, америкалык Леброн Жеймс 110 упай менен үчүнчү сапка жайгашты.

Эң көп киреше тапкан спортчулар:

  1. Вират Кохли (Индия, крикет, 109 упай);
  2. Бьянка Андрееску (Канада, теннис, 107 упай);
  3. Неймар (Бразилия, футбол, 107 упай);
  4. Хабиб Нурмагомедов (Орусия, ММА, 106 упай);
  5. Рохит Шарма (Индия, крикет, 103 упай);
  6. Мохамед Салах (Египет, футбол, 103 упай);
  7. Пауло Дибала (Аргентина, футбол, 100 упай).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Telman2020
2020-09-30 10:01:47
Хабиб сила
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан