Согуш жүзү. Окопто жаткан армян жоокерине ок тийип каза болгону видеого түшүп калган

Тоолуу Карабахтагы Армения-Азербайжан кагылышуусу күчөп, абал курч бойдон калууда. Эки өлкө тең бири-бирине сокку узатып жаткандыгы тууралуу расмий маалымат беришүүдө.

Ал эми социалдык тармактарда да согуш талаасынан видеолор тарап жатат. Анда октор жаап жаткан учурда армян жоокери "бизди таштап кетишти!" деп кыйкырганын угууга болот. Бул учурдун баарын анын каскасына орнотулган камера тартып жаткан. Көп өтпөй ага дагы ок тийип кыймылсыз жатып калган. Ал эми анын жанындагы жоокер башын кармап алып, нес абалында кыйкырып жатканын көрүүгө болот.

Согуштун жүзү
Азербайжандыктар армян оккупанттарын кыйратышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
velicanos
2020-09-30 10:52:46
Бул башталышы гана токтобосо абал мындан да жаман болот
+4
Kaninaiman
2020-09-30 14:47:12
Кудай сактай кор!эмнеден улам согущуп жатышат????
+3
zilish_kg
2020-09-30 15:07:34
Сасыган саясатчылардын айынан бейкүнөө элдерге эле кыйын.Канча өлүм, канча кайгы бири бирин жек көрүү кек сактоо ушунан башталат .
+4
akmanai
2020-09-30 15:32:48
Согушу жок чечишсе болбойбу? Саясатчылардын оздорунун балдарын ошол чек арага коюуга аргасыз болсо, ошондо тынчтык жолу менен чечишууго мажбур болмок. Бейкуноо балдар атасыз калды. Убалы кимге эми(((
+3
Taalaibek.
2020-09-30 16:33:44
Согушту эч кимге каалабайм. Согуштун кимге кереги бар эле? Дуйнодо согуш болбосун!Азербайжандар мусулмандар да Армяндар крестянин. Армяндар крестянин экенин билбептирмин.
+2
Mister-X
2020-10-01 01:20:49
Taalaibek.,крестянин эмес христиан
.
+1
Baku0730
2020-10-01 00:14:50
Аллах сактасын мындай согуштан!!!. Жүрөк ыйлайт го....... Убалы кимге өлгөндөрдүн? Ким жооп берет? Үй бүлөсүнө ким жардам берет?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан