Башкы прокуратура Кадыр Атамбаевдин социалдык тармакта жарыяланган кайрылуусу боюнча жооп берди

Башкы прокуратура мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаевдин социалдык тармактарга жарыялаган кайрылуусу боюнча түшүндүрмө берди.

Анда башкы көзөмөл органы, видеодо сөз болуп жаткан Арстанбек Боромбаев Башкы прокуратурада 1995-жылдан бери иштеп келе жатканын жана 2019-жылы бөлүм башчылык кызматынан өз арызынын негизинде бошотулганын маалымдайт.

"Социалдык тармакта жарыяланган видеодо Тарых музейин реконструкциялоого байланыштуу козголгон коррупция боюнча кылмыш ишине Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Боромбаев тарабынан кат түрүндөгү көрсөтмөсү тергөөчүгө берилгени жана анда УКМКнын тергөөчүсүнө карата коркутуулар жазылганы айтылган экен. Кадыр Атамбаев мындай иш - аракеттер менен башкы көзөмөл органы кодексте каралган тергөөчүнүн өз алдынчалык жана көз карансыздык укугунун тепселегенин айткан.

Кылмыш кодексинин 34-беренесине ылайык, прокурор кылмыш ишинин иликтөөнүн мыйзамдуулугуна көзөмөл кылууга, кылмыш ишин иликтөөнү тергөөчүгө же тергөө тобуна тапшырууга, тергөөчүгө берилген ишенбечүлүккө уруксат берүүгө, тергөөчүгө кылмыш ишин иликтөөгө кат түрүндө уруксат берүүгө, прокурордун ишине макул болбогон тергөөчүнүн каршылыгын кароого укуктуу.

Ошондой эле кылмыш-процессуалдык кодексинин 34-беренесинин 4 пунктуна ылайык, прокурордун тергөө, иликтөө органдарына арыздарды кароо, кылмыш жана иликтөө тууралуу билдирүү боюнча берген көрсөтмөсү милдеттүү болуп саналат. Прокурордун көрсөтмөсүн аткаруу 36-беренеге ылайык, тергөөчүнүн милдети болуп саналат. Эгер тергөөчү прокурордун көрсөтмөсүн аткаруудан баш тартууну кааласа, андан өйдө турган прокурорго жүйөсүн көрсөтүү менен кат түрүндө кайрылууга укуктуу.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Тарых музейин реконструкциялоодогу "коррупция" боюнча иште УКМК тарабынан Башкы прокуратуранын көрсөтмөсүнө каршылык болгон эмес. Ошондой эле Кадыр Атамбаевдин кайрылуусунда сөз болгон Арстанбек Боромбаев Башкы прокуратурадагы бөлүм башчылык кызматынан өз арызынын негизинде бошотулган. Ал жакшы кызматы үчүн бир катар сыйлыктарга ээ болгон" , - деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, 28-сентябрда мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев Тарых музейин реконструкциялоодогу "коррупция" боюнча каралган ишке азыркы өлкө башчынын жээни Арстанбек Боромбаев аралашканын айткан. Тагыраагы, ишти караган тергөөчүгө Сапар Исаковго байланыштуу кат түрүндө көрсөтмөлөрдү бергенин маалымдаган. Кадыр Атамбаев Боромбаевди Башкы прокуратурада бөлүм башчы болуп иштээрин белгилеп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Adil18
2020-09-30 17:20:02
10 жылдан кийин айтканында туура болмок.Кадырга соз жок!
Атасы мамлекетти онуктурбой эле карызга батырып,коррупцияга чоон жол ачканын эмнеге айтпайт.
Алмазбек Атамбаевди омур бою абактан чыгарбоо керек.Мвмлекетке зыяндан башка.эч нерсе жасаган жок.Жеке озунун жанв жакындарынын кызыкзылыгын ойлоп кун откорду.
+7
abusait
2020-09-30 23:03:21
О.э бир кызматкердин омурун кыйып балдарын жетим калтырды , дагы бир кызматкерди омур бою майып кылды атамбаев.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан