"79.79" Доллардын улуттук валютага карата баасы өсүүдө. Улуттук банк кайрадан интервенция жасады

Бүгүн, 30-сентябрга карата АКШ долларынын улуттук валютага карата баасы 80 сомго жакындап, 79 сом 79 тыйындык чекке жетти.

Ага ылайык, саат 12:14кө карата коммерциялык банктарда долларды сатып алуу 79 сом 35 тыйындан 79 сом 60 тыйынга чейин болсо, долларды сатуу 79 сом 75 тыйындан 79 сом 80 тыйынга чейинки бааны түздү.

Ал эми акча алмаштыруу жайларында доллар 79 сом 79 тыйынга чейин көтөрүлгөн.

Улуттук банктын расмий сайтында АКШ долларынын курсу 79 сом 60 тыйын деп көрсөтүлгөн.

АКШ долларынын баасы көтөрүлүп жатканына байланыштуу Улуттук банк кайрадан интервенция жасады. Улуттук банктын расмий сайтында 29-сентябрга карата жалпысынан 27 миллион 950 миң доллар сатылганы жазылган. Улуттук банк акыркы аптада 3-жолу интервенция жасап жатат. Буга чейин 23-сентябрда 11 миллион 200 миң доллар, 25-сентябрда 19 миллион 600 миң доллар сатылып интервенция жүргүзүлгөн.

Маалым болгондой, АКШ долларынын улуттук валютага карата баасы 2016-жылдан бери туруктуу 69 сомдун тегерегинде сакталып келген. Үстүбүздөгү жылдын март айында доллардын баасы дароо 85 сомго чейин кымбаттаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан