"Кийим-кеченин баасы төмөндөп, лимондун баасы жогорулаган". 2020-жылдын январь-июнь айына карата өлкөдөгү баалардын статистикасы

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары жалпы республика боюнча 6,4 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматта салыштырмалуу 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында, тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 1,6 пайызга жогорулаганы айтылат.

Төмөндө 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата (январь-июнь айлары үчүн) өлкөдөгү товарларга жана азык-түлүктөргө болгон баалардын көтөрүлүшү жана төмөндөшү боюнча статистика берилген:

  • Азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктарга, мурунку айга салыштырганда май айында - 2,3 пайызга жана июнь - 0,3 пайызга баалардын төмөндөгөнү байкалган.
  • Нан азыктары жана акшак” тобуна тиешелүү товарлардын баалары жалпы республика боюнча 9,6 пайызга жогорулаган. Муну менен гречиха акшагына 21,4 пайызга, биринчи сорттогу буудай унуна – 15,9 пайызга жана макарон азыктарына болгон баалар 14,4 пайызга жогорулаганы катталды.
  • Эттин баалары жалпы республика боюнча 4,3 пайызга жогорулады. Муну менен, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында жаңы союлган этке карата баалардын өсүшү 3,9 пайызды түзгөн, ал эми 2020-жылдын II кварталында 5 пайызга жогорулаган.
  • Кой эти -13,4 жылкынын эти - 6,2 пайызга, уйдун эти – 3,9 пайызга кымбаттады.
  • Күн карама майынын баасы – 5,1 пайызга, пахта майы – 4,1 пайызга жогорулады.
  • Республика боюнча кумшекердин баасы 8,4 пайызга жогорулады, муну менен бирге алардын февралда гана жогорулашы байкалды, март айында – 6,9 пайызга, апрель айында-6,6 пайызга жогорулаган. Кумшекерге болгон баалардын өсүшү, Баткен облусун эске албаганда, бардык облустарда баалардын жогорулашы катталган. Ал эми Баткенде тескерисинче баалар 1,8 пайызга төмөндөгөн.
  • Жемиштерге жана жашылчаларга карата болгон баалар жалпы республика боюнча 7,8 пайызга жогорулады. Муну менен катар, быйылкы бышкан жемиштерге карата болгон баалар 7,0 пайызга
  • Анын ичинен лимон – 42,6 пайызга, алмалар – 27,8 пайызга, өрүктөр - 24,6 пайызга) жогорулады.
  • Картошкага болгон баалар бүтүндөй республика боюнча 1,8 эсеге жогорулаган. Картошка баасынын максималдуу жогорулашы Ысык-Көл облусунда (2,7 эсеге) катталды.
  • Тамеки азыктарынын баасынын өсүшү 7,6 пайызды түздү, ал эми алкоголдук ичимдиктер 4,4 пайызга төмөндөгөн. Муну менен бирге, тамеки азыктарына болгон баалардын жогорулоосу республиканын бардык региондорунда катталды, ал эми алкоголдук ичимдиктерге, Талас облусун кошпогондо бардык аймактарда 0,4 пайызга төмөндөгөн.
  • Күйүүчү-майлоочу материалдарга – 17,6 пайызга, көмүргө - 6,4 пайызга, отунга – 3,4 пайызга, кирпичке 1,3 пайызга, суюлтулган газга – 0,6 пайызга, кийим-кечелер – 0,4 турмуш-тиричилик тектиль буюмдарына - 0,5 пайызга баалардын төмөндөөсү катталды.
  • Майда электр шаймандарына (4,0 пайызга), фармацевтика продуктуларына (3,9 пайызга), автоунааларды сатып алуу (2,7 пайызга) баалар жогорулады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bars88
2020-10-01 05:52:11
Дврылар 3.9пайыз эмес эле асмандын башына чыгып кеттиго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан