
30-сентябрда партия лидерлеринин теледебаты өтүүдө. Дебатка беш партиянын лидерлери катышты. Алар: "Мекен-Ынтымагы" - Темирбек Асанбеков, "Бир бол" - Алтынбек Сулайманов, "Ыйман-Нуру" - Нуржигит Кадырбеков, "Кыргызстан" - Асель Атабекова, "Республика" - Мирлан Жээнчороев.
3-СУРОО: Сот реформасын кантип ишке ашырасыңар?
"Мекен-Ынтымагы" партиясы Темирбек Асанбеков: "Сот өзүнө алган айлыгын элдин алдында декларация түрүндө болобу жашоо-тиричилигиндеги легалдашуу алган айлыгы менен өзү биринчи далилдеп бериши керек. Албетте, жоопкерчилик болбосо, сот да иштебейт. Ошо элди коррупцияга малып, системанын кесепетинен өзгөрүп жатса, аны жазалабайбы? Жогорку Сот өкүлдөрүн өлүм жазасына чейин алып барса болот. Анткени булар элдин тагдырын колуна алган адамдар. Мына ошондо гана бизде адилет сот орнойт".
"Бир бол" партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов: “Ар бир мамлекеттик орган ар бир адамга иштеши керек. Биз үч нерсени толук тактап алмайынча ишибиз алдыга жылбайт. Биринчиси, сырткы коопсуздук чек арабыздын бектиги, экинчиси, ички коопсуздук, үчүнчүсү, жарандардын бири-бири менен талашуусу. Жарандардын талашын сот туура чечип бербесе болбойт. Адилеттүү сот ачык болушу зарыл. Эч убакта жабык болбошу керек. Жогорку жактан көзөмөл болбошу зарыл. Көз карандысыз сот бийлиги болбосо болбойт”.
"Ыйман-Нуру" партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков: “Билими болуп, ыйманы болбосо адам кейпиндеги айбан, жырткыч чыгат экен. Сотторду тандай турган комиссия бар, анын үчтөн бирин президент, үчтөн бирин парламент, үчтөн бирин коомчулук түзөт. Адам бар жерде коррупция жайылып кете берет экен. Ошон үчүн мен адамга караганда технологияга көбүрөөк ишенем. Адамдын психологиясын аныктай турган программа бар экен. Ошондой программаларга таянышыбыз зарыл. Туура эмес чечими үчүн жооп берген кайсы сотту көрдүңүз? Бул сот чечим чыгарса, кийинкиси өзгөртүп коёт. Корруция менен соттолгондорго өлүм жазасын алып келиши керек”.
"Кыргызстан" партиясынан талапкер Асель Атабекова: "Биринчиден, белгилеп кетчү жагдай, сот системин реформалоо үчүн политикалык эркиндик керек. Ошондой эле финансылык мүмкүнчүлүк зарыл. Алгач эле жөнөкөй нерседен баштасак, 2012-жылы сот системин реформалоого 2 миллиард сом бөлүнгөн. Жыйынтык жок. Ошондуктан эң негизгиси өзүбүздүн ички дүйнөбүздү тазалашыбыз керек. Андан соң кадр маселесин көтөрүшүбүз абзел. Эң жөнөкөй эле сот залына видеокамераларды коюу менен реформаны баштасак болот. Ошондо биз жабык эшик артында болуп жаткан нерседен кабардар болобуз".
"Республика" партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев: “Жогорку Кеңештин отурумунда Жогорку Соттун төрайымынын орун басары 95 пайыздан ашык чыгарылган чечимдер айыпталган мүнөздө чыкканын айткан. Бул соттун адилеттүүлүгүнүн жоктугун айтат. Сотто тең салмактуу чечим жок экенин айтат. Сот системи толугу менен коррупциялашкан. Сот системи саясий буюртмалар менен бурмаланган. Ким саясий буюртма менен алектенсе, өмүр бою кара тизмеге кирип, башка мамлекеттик муниципалдык кызматка жолотпой турган мыйзам долбоорун даярдайбыз”.
4-СУРОО: Азыркы бюджет менен кантип сапаттуу медициналык шарттарды түзүп бересиңер?
"Мекен-Ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков: “Медицина тармагын өнүктүрүү үчүн каржы булактарын табышыбыз зарыл. Биздин мыкты дарыгерлерибиз Бельгияда, Францияда жана башка өлкөлөрдө иштеп жатат. Анткени бизде социалдык коргоо, татыктуу айлык маяна жок. 2020-жылы медицина тармагына бөлүнгөн каражат аз. Мындай каражат бөлүп сапаттуу медицинаны талап кылганыбыз туура эмес”.
"Бир бол" партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов: “Биз бир суроого жооп табышыбыз керек. Медицина бул кимди дарылайт? Каржы кимге бөлүнөт? Биз жаранга каражат түз бөлүнүшү шарт. 14 миллиард сомдун жарымынан көбү бейтапка жеткиче жолдо уурдалат. Биз бейтапка каражатты түз бөлүшүбүз керек. Бейтап кааласа менчик же мамлекеттик ооруканадан тейлениши керек. Бул дүйнөдө колдонулуп жаткан тажрыйба. Бизге Индиядан келип билим алып жатышат, биз болсо Индиядан дарыланып жатабыз”.
Ыйман-Нуру" партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков: "Бизде медициналык кароо бекерби, жок. Бирок конституцияда бекер деп жазылган. Бирок андай эмес. Биз ошону тактап алышыбыз керек. Же бекер, же акча төлөө. Азыр пандемияда көп адамдар жоопкерчиликти алуудан баш тартышты".
"Республика" партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев: “Биздин программада бул маселе каралган, алгач медицина кызматкерлеринин айлыгы тууралуу маселени козгодук. Биздин саламаттыкты сактоо системи өнүккөн жок. Акыркы жылдары сапаттуу кадрларды жоготтук. Алар башка өлкөлөргө кетип калды. Бюджетте каралган акча менен жаңы ооруканаларды кура албайбыз, жаңылай албайбыз. Ошондуктан саламаттыкты сактоо тармагындагы бюджетти көбөйтүшүбүз зарыл”.
"Кыргызстан" партиясынан талапкер Асель Атабекова: "Бүгүнкү күндө эң актуалдуу суроолордун бири, анткени азыркы учурда 301 миң жашоочу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер. Алардын арасында медицина кызматкерлеринин катачылыгынан ушундай акыбалга келгендер дагы бар. Биздин оюбузча, биринчи учурда дарыгерлерди киреше салыктан бошотуу зарыл. Алардын айлык маянасы абдан аз. Экинчиден, медицина кызматкерлерине лицензия берүү системине өзгөртүү киргизүү абзел. Азыркы учурда 9 миң адам 22 же көп болсо 30 дарыгерге келип көрүнүшөт. Ошондуктан дагы аймактардагы медициналык борборлорду өнүктүрүү жана медицина кызматкерлерине кызматын жакшыртуу үчүн аларга жакшы шарттарды түзүп берүү зарыл".