Сооронбай Жээнбеков Кувейттин жаңы эмирине агасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков Кувейттин эмирине телеграмма жолдоп, анда шейхтин агасы Сабах Аль- Ахмед Аль-Жабер Ас-Сабахтын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Урматтуу шейх, кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атыман шейх Сабах Ас-Сабахтын үй-бүлөсүнө жана жалпы кувейт элине терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Жараткан анын жакшы иштерин кабыл кылсын. Бул Ас-Сабахтын жакындарынын же кувейт элинин эле жоготуусу эмес, бул - бүткүл дүйнө жүзү үчүн эң чоң жоготуулардын бири", - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан