Бишкекте Мерседес-Бенц автоунаасын айдап качкан 3 жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 6-сентябрь күнү Ленин райондук милиция бөлүмүнө 26-жаштагы М. Супатаев аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда жабырлануучу үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаасын айдап качып кеткен. 19-сентябрь күнү Бишкек ШИИББинин кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү делип, 28 жаштагы Арча-Бешик жаңы конушунун тургуну Н. Исаков, 34 жаштагы Кара-Балта шаарынын тургун А. Асанбеков жана 23 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын тургуну, мурда соттолгон У. Молдокматов кармалды. Учурда уурдалган автоунаа ээсине кайтарылып, кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайына киргизилип, мындан башка да кылмыштарга тиешеси бардыгы текшерилүүдө.