Эл аралык карылар күнү жыл сайын 1-октябрда белгиленет. Бул тууралуу чечим Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында 1990-жылдын декабрында кабыл алынган.

Карылар күнүн өткөрүүнүн максаты - дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн алардын көйгөйлөрүнө жана муктаждыктарына буруп, улгайып калган адамдардын коомго зарыл сезимин колдоо, калктын демографиялык картайып бара жаткандыгы боюнча коомчулуктун кабардар болуусун жогорулатуу.
Кыргыз элинде карыялар төрдүн көркү, даанышмандыктын булагы катары өзгөчө орунду ээлеп келет. Андыктан "Карысы бардын - ырысы бар", "Карынын сөзүн капка сал" деген сыяктуу накыл сөздөр жөн жеринен айтылып калбаса керек.
SUPER.KG порталы карылардын асыл ой, накыл кептеринин топтомун чогултту.
КАРЫЛАРДЫН АЛКОО, БАЛДАРЫНА ЖАЛБАРУУ, ТААЛИМ-ТАРБИЯ ИРЕТИНДЕ АЙТЫЛГАН СӨЗДӨРҮ
- Ак элечегиң башыңдан түшпөсүн! - "алганың менен тең кары" деген мааниде келиндерге берилүүчү бата, алкоо (Элдики);
- Алдыңа кетейин! - Жакшы көрүү, эркелетүү, жалынып-жалбаруу маанисинде (көбүнчө балдарга карата);
- Садага болоюн! - Эркелетүү, жалынып-жалбаруу иретинде айтылган сөз (Элдики);
- "Керегем сага айтам, келиним сен ук". "Уугум сага айтам, уулум сен ук" (Элдики);
- Сенин таманыңа кирген тикен менин чечекейиме кирсин - "Сен тартар азапты мен тартайын, сага келген кырсык, балээ мага келсин" деген мааниде оорулуунун айыгып кетиши же бирөөнүн дайынсыз жоголушуна карата колдонулат (Элдики);
- Тайкы акыл тереңге чабыттаса да, ал тайкы боюнча калат. Себеби анын чабыты тайкы (Түгөлбай Сыдыкбеков);
- Адамдын башкаларга кылар эң чоң жакшылыгы эле үйүнөн адам болор балдарды тарбиялап өстүрүү экен (Чыңгыз Айтматов);
- Максат менен эмгек чырмалышканда, адам бардык мүдөөсүнө жетет. Максатсыз жашаган адамдын башка тирүү жандыктан айырмасы жок (Сарт аке Доскул уулу).
КАРЫЛАРДЫН БАЛДАРЫН УРУШКАНДА АЙТКАН СӨЗДӨРҮ
Кыргыздын ак сакалдары, нарктуу байбичелери эч качан балдарын жаман сөздөрдү айтып урушкан эмес. Ачуусу келип турса да, балага бата иретиндеги жемелөө сөздөрүн айтышкан.
- Бай болгур! - Жетиштүү бол, мал-мүлктүү бол деген мааниде бирөөгө айтылган каалоо-тилек. Бирөөгө нааразы болгондо, нааразылыгын билдиргенде колдонулат.
- Мээнетиңди алайын! Бирөөгө (көбүнчө балага, өзүнөн кичүүлөргө) жалынып-жалбаруу, жакшы көрүү маанисинде колдонулат.
- Бөйрөгүмдү чабайын! Көбүнчө балдарга, өзүнөн кичүүлөргө карата жалынуу, жалбаруу маанисинде колдонулат.
- Жанымды чабайын! Балага жалбаруу.
- Кудай алкагыр! Бирөөгө нааразылыгын, жаман көргөнүн билдирүүдө, жактырбоо, жемелөө маанисинде наалат катары колдонулат.
- Көйнөгүңдү уй жегир! Көбүнчө жаш балдарга карата жемелөө, тыюу иретинде (жаш балдардын улутунганы, үшкүргөнү жаман жөрөлгө деген мааниде) колдонулат.
КАРЫЛАРДЫН ЭЛ КӨГӨРТКӨН БАТАЛАРЫ
Байыртан кыргыздар батага өзгөчө маани берип, бала жаңы төрөлгөндөн баштап эле аны батага оозанткан. Бүгүнкү күндөгү айтылып келе жаткан баталар карылардан калган сыр сандык деп айтсак болот.
- Карыдан жаш сураба, акыл сура!
- Адам таппас сөздүү бол, ор коёндой көздүү бол!
- Колго суу куйган балага карата айтылган бата: Булактай тунук бол, төбөсү бийик улук бол. Кичүүгө өрнөк бол, жакшылыкка өнөк бол.
- Колго суу куйган кызга карата бата: Улуунун жашын берсин, жакшынын башын берсин. Кичүүнүн алын берсин, малдуунун малын берсин.
- Сапарга чыгып жаткандарга бата: Төрт тарабың шайлуу болсун, жорткон жолуң жайлуу болсун. Күнүң чыгып жаркырап, түнүң тынч айлуу болсун.
- Баш кошуп жаткан жаштарга карата бата: Кол кармашып өткүлө, муратыңа жеткиле. Саябалуу дарактай, сан жылдарга өткүлө.
ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН ТУРГУНУ 80 ЖАШТАГЫ ЗИНА АПАНЫН ЭЛГЕ БЕРГЕН БАТАСЫ:
Демейде Бишкек шаарынын көчөлөрүнөн дөөлөттүү, жүзүнөн карыялык нур тамып турган ак сакалдарды, ак элечек апаларды жолуктуруу оңой эмес. Бирок бүгүн Карылар күнүндө биз издеген апаны кокусунан кезиктирдик. Зина апа жоолугун салынып, маасысын кийип отурса айлана толуп тургандай көрүндү. Биз апа менен учурашып, таанышып батасын алдык.
"Кыргыз өлкөбүз жаман дарттан, жаман сөздөн, жаман көздөн алыс болсун! Келечеги кенен болуп, ушул бойдон оорудан серигип, түбөлүгү түз болсун! Элибиздин жашоосу бул турмушта жакшынакай, жаркырап өтсүн! Бүгүнкү карылар майрамында, Кыргыз өлкөсүндө жашаган жалпы карыларды куттуктайм! Балдарынын сыйын, кыздарынын кызматын көрсүн! Төрдө отуруп небере, чөбөрө көрүшсүн! Оомийин!"