"Чемпиондор Лигасы кайтып келди". Бүгүн турнирдин чүчү кулак таштоо аземи болот

Бүгүн, 1-октябрда Европадагы беделдүү мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын 2020-2021-жылдагы сезонунда тайпалык баскычтагы командаларды аныктоо үчүн чүчү кулак өтөт. Чүчү кулак аземи Швейцариянын Женева шаарында саат 21:00дө (Бишкек убактысы боюнча) башталат.

Чүчү кулакта Европанын 32 мыкты командасы 8 тайпага бөлүнөт. Алар:

Испаниядан: «Реал», «Барселона», «Атлетико», «Севилья»;

Англиядан: «Ливерпуль», «Манчестер Сити», «Манчестер Юнайтед», «Челси»;

Италиядан: «Ювентус», «Интер», «Аталанта», «Лацио»;

Германиядан: «Бавария», «Боруссия Дортмунд», «Лейпциг», «Боруссия Менхенгладбах»

Франциядан: «ПСЖ», «Марсель», «Ренн»;

Орусиядан: «Зенит», «Локомотив», «Краснодар»;

Украинадан: «Шахтер», «Динамо Киев»;

Португалиядан: «Порту»;

Бельгиядан: «Брюгге»;

Түркиядан: «Истанбул Башакшехир»;

Нидерланддан: «Аякс»;

Грециядан: «Олимпиакос»;

Венгриядан: «Ференцварош»;

Даниядан: «Мидтьюлланн»

Австриядан: «РБ Зальцбург».

Себеттерде:

1-себетте: «Бавария», «Севилья», «Реал», «Ливерпуль», «Ювентус», «ПСЖ», «Зенит», «Порту»;

2-себетте: «Барселона», «Атлетико», «Манчестер Сити», «Манчестер Юнайтед», «Шахтер», «Боруссия Дортмунд», «Челси», «Аякс»;

3-себетте «Динамо Киев», «РБ Зальцбург», «РБ Лейпциг», «Интер», «Олимпиакос», «Лацио», «Краснодар», «Аталанта»;

4-себетте: «Локомотив», «Марсель», «Брюгге», «Боруссия Менхенгладбах», «Истанбул Башакшехир», «Мидтьюлланн», «Ренн», «Ференцварош».

Чемпиондор Лигасынын учурдагы чемпиону Германиянын "Бавария" футболдук клубу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Islam98
2020-10-02 08:16:39
Барса- Юве
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан