"Барселона-Ювентус". Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычындагы чүчү кулактын жыйынтыгы (тизме)

Кечээ, 1-октябрда Швейцариянын Женева шаарында Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычына чүчү кулак таштоо аземи болуп өттү. Аземде Европанын мыкты делинген 32 командасы 8 тайпага бөлүндү.

Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычындагы чүчү кулактын жыйынтыктары төмөндөгүчө:

А тайпасы: "Бавария" (Германия), "Атлетико" (Испания), "Зальцбург" (Австрия), "Локомотив" (Орусия);

В тайпасы: "Реал" (Испания), "Шахтёр" (Украина), "Интер" (Италия), "Боруссия Мёнхенгладбах" (Германия);

С тайпасы: "Порту" (Португалия), "Манчестер Сити" (Англия), "Олимпиакос" (Греция), "Марсель" (Франция);

D тайпасы: "Ливерпуль" (Англия), "Аякс" (Нидерланды), "Аталанта" (Италия), "Мидтюлланд" (Дания);

Е тайпасы: "Севилья" (Испания), "Челси" (Англия), "Краснодар" (Орусия), "Ренн" (Франция);

F тайпасы: "Зенит" (Орусия), "Боруссия Дортмунд" (Германия), "Лацио" (Италия), "Брюгге" (Бельгия);

G тайпасы: "Ювентус" (Италия), "Барселона" (Испания), "Динамо Киев" (Украина), "Ференцварош" (Венгрия);

Н тайпасы: "
ПСЖ" (Франция), "Манчестер Юнайтед" (Англия), "Лейпциг" (Германия), "Стамбул Башакшехир" (Түркия).

Учурдагы Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү Германиянын "Бавария" футболдук клубу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Neiro
2020-10-02 13:01:32
Ойун качан башталат
0
Islam98
2020-10-02 13:25:01
Neiro,20- октябрда башталат.
0
Islam98
2020-10-02 13:24:36
Ювентус-Барселона мына сага
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан