Бугүн, 2-октябрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Кой-Таш окуясы боюнча ишти кароо белгиленген. Бирок ал жактоочулардын бири ооруп келбей калгандыгына байланыштуу жылдырылганын жактоочу Замир Жоошев билдирди.
"Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулардын биринин жактоочусу ооруп жатыптыр. Ал судьядан өтүнмө кылып, процессти жылдырууну суранган экен. Буга байланыштуу 5-октябрга белгиленген соттук отурум дагы өтпөйт. Кийинки процесс 7-октябрда саат 10:00дө болот" , - дейт жактоочу.
Эске алсак, бүгүнкү процесске мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин катышуусу күтүлүп жаткан.
Өткөн аптада жактоочу Сергей Слесарев судьядан отурумга катышуу үчүн мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин сотко жеткирилишин камсыздоону суранып, судья Марат Сыдыков бул өтүнүчтү канааттандырган.
Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча козголгон ишти тергеп бүтүп, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген.
Анда 14 адам айыпталууда. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу жана Асангелди Какебаев бар.