Кыргыз Премьер-Лигасынын 13-турдук оюнунун жыйынтыктары

Кечээ, 1-октябрда Кант шаарындагы стадиондордо Кыргыз Премьер-Лигасынын 13-турдук оюндары болуп өттү.

Оюндардын жыйынтыктары: "Алга" (Бишкек) - "Дордой" (Бишкек), (1:5);

Голдор: Шило (6, 53-мүнөттө), Сагынбаев (45-мүнөттө), Шаарбеков (54-мүнөттө), Бөрүбаев (76-мүнөттө), Жыргалбек уулу (90-мүнөттө).

Беттештин мыкты оюнчусу болуп "Дордой" командасынын оюнчусу Максим Шило аталды.

"Илбирс" (Бишкек) - "Каганат" (Ош), (0:1);

Голдор: Алимов (90-мүнөттө);

Беттештин мыкты оюнчусу болуп "Каганат" клубунун оюнчусу Максат Алимов аталды.

"Абдыш-Ата" (Кант) - "Нефтчи" (Кочкор-Ата), (0:0);

Беттештин мыкты оюнчусу болуп "Нефтчи" клубунун оюнчусу Муролим Ахмедов аталды.

"Кара-Балта" (Кара-Балта) - "Алай" (Ош), (1:3);

Голдор: Талипов (20-мүнөттө), Келдияров (39-мүнөттө), Шаршенбеков (48-мүнөттө), Маширапов (55-мүнөттө).

Беттештин мыкты оюнчусу болуп "Алай" клубунун оюнчусу Тимур Талипов аталды.

Кыргыз Премьер-Лигасынын аяктаарына 1 тур калганда бишкектик "Дордой" клубу мөөнөтүнөн мурда чемпион аталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан